Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Үстүбүздөгү жылдын 14-апрель күнү Жети-Өгүз РИИБне 1964 ж.т. Каракол шаарынын К. Б. аттуу жараны арыз менен кайрылып, 2012-жылдын февраль айында Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылынын 1987 ж.т. К.У.аттуу тургуну ишенчине кирип, Бишкек шаарындагы үйүнүн документин, 4000 АКШ доллар жана 235 миң сом акча каражатын алып, 10-жылдан бери бербей келгенин билдирген. Ошондой эле, арыз ээси алышып-беришүү процесси Ак-Суу районуна карштуу Теплоключенко айылында болгондугун кошумчалаган.
Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, окуя Ак-Суу районуну Теплоключенко айылында орун алгандыктан, арызды текшерүү Ак-Суу РИИБне өткөрүлүп берилип, КЖКнын 209 (алдамчылык) берененсинин негизинде кылмыш иши козгологон.
Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү аныкталып, аны 25-октябрь күнү Манас аэропортунан башка өлкөгө кетип бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Шектүү, алгачкы суракта күнөөсүн толук моюнуна алган. Ак-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата, 2-айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.
Тергөө амалдары уланууда.