Сузакта 18 жаштагы Айнура Исиралиева 6 күндөн бери дайынсыз

Сузак районунда 18 жаштагы Айнура Исиралиева изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Таран-Базар айылынын тургуну 2004-жылы туулган тургуну Ирисалиева Айнура Руслановна 2022-жылдын 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

«Учурда Айнура Ирисалиеванын жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилери: Бою 160-165 см, өңү ак жүздүү, кашы, көзү кара, чачы кара узун, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Ак түстөгү жоолук, кара түстөгү узун плащ, сары түстөгү узун көйнөк, кара түстөгү галош болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Айнура Ирисалиева тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102 кызматына же (03722) 7 39 90,   0553 78 00 78,   0771 93 60 70 номурлары аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.