Депутат: Социалдык фонддун банкта 3 ай бою 380 миллион сому иштетилбей турган

Жогорку Кеңешинин депутаты Айсара Абдибаева Социалдык фонддун банкта 3 ай бою иштетилбей турган 380 миллион сому боюнча комитеттин отурумунда маселе көтөрдү.

Буга социалдык фонддун төрагасы жооп бере албай, аягында жардамчысынын жардамы менен бул сумманы Айыл Банк кармаганы үчүн үстөк пайыз төлөгөнүн айтты.