Атазов комитеттин чечимин колдоду

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карады.

Анда депутат чечим кабыл алууда кворум болбошу үчүн депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Шайлообек Атазов, Нилуфар Алимжанова жана Чыңгыз Айдарбеков жыйындан чыгып кетүү чечимин кабыл алышкан.

Деген менен депутат Атазов жыйындын соңунда оюнан кайтып, аталган комитеттин чечимин колдоду.