Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынын жетекчиси алмашты

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси болуп Айбарчын Баатырбекова дайындалды.

Баатырбекова буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын инспектору кызматын аркалаган.