19 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Сөөгү Ноокен районундагы сайдан табылган кызды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда Ноокен районунда сайдын ичинен киши колдуу болгон 19 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Бул факты Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө “Адам өлтүрүү” беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалгандан кийин кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында кесипкөй кызматкерлерден турган атайын топ түзүлүп ыкчам иликтөө иштери башталган.

“ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБ жана Ноокен, Базар-Коргон, Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис түрдө жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга шектүү катары буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгон, акыркы жолу 2021-жылы баңгизатына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Сузак районунун тургуну 1964-жылы туулган О.А. аныкталып, тергөөгө камсыздалган”, – деп айтылат маалыматта.

Тергөө учурунда шектүү жасаган оор кылмышы боюнча кызды Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында Жалал-Абад шаарына кетүү үчүн турган жеринен алып, Сузак районунун аймагында өлтүрүп, жансыз денени Ноокен районунун аймагындагы каналга ыргытып жибергендигин айтып берген жана окуя болгон жерди, жагдайларды жеринде көрсөтүп, ал көрсөтмөлөрү видеого жаздылып алынган.

Мындан тышкары, кылмыш иши боюнча шектүүнүн “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү автоунаасы далил зат катары алынып, автоунаага кароо жүргүзүү учурунда автоунаанын арткы орундугунун оң жак тарабынан кара-кочкул түстөгү канга окшогон зат аныкталган. Ошондой эле автоунаанын алдыңкы орундугунун астынан кара-күрөң түстөгү болжолдуу салмагы 2-3 граммды түзгөн баңгизатына окшогон өзгөчө кескин жыты бар зат табылып экспертизалык изилдөөлөр үчүн алынган.

12-ноябрда шектүү Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылыш иши боюнча толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.