Билим берүү жана илим министринин орун басары алмашты

Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кызматынан кетти. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Өмүров өзү берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган, тиешелүү буйрукка 19-январда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев кол койгон.

Анын ордуна Джайнакова Гүлнур Бердибаевна дайындалган.

Нурлан Өмүров бул кызматка 2019-жылдын 30-сентябрында дайындалган.