Ошто жер титиреди

Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 08:11де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Жыгач, Сары-Булак, Сары-Күнгөй айылдарында 3 балл, ал эми Сай, Тогуз-Булак, Жетим-Дөбө айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.