ИИМ: Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

2022-жылдын 24-октябрынан 2-ноябрына чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргыз Республикасында ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Борбордук Азиянын Евразия фонду» коомдук фондунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын райондорундагы, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнүн, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитетитеринин өкүлдөрүнүн, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда «Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, ага каршы иш жүргүзүүдө жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун бекемдөө» темасында окутуу семинарлары болуп өттү.

WhatsApp Image 2022 11 02 at 10.20.49 1 ИИМ: Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


Семинардын алкагында катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, «Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» темаларында атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилди.


Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, сунуш-пикирлер угулду. Берилген суроолордун басымдуу бөлүгү коомдук алдын алуу борборлорунун ишин уюштуруу, алардын компетенциясы, диний экстремизм жөнүндө болуп, берилген суроолор боюнча иш-чарага катышкан жергиликтүү мамлекеттик, өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, жаштар уюмунун мүчөлөрү жооп ала алышты.
Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди алдын алуу темалары боюнча усулдук буклеттер, эстеткичтер таратылды.


Белгилей кетсек, коомчулук үчүн маанилүү болгон бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2021-2026-жылдарга мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясын пландарынын тийштүү пункттарын аткаруу максатында өткөрүлүп жатат. Андан сырткары, жакын арада бул багыттагы окутуу семинарлар өлкөбүздүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында да өткөрүлөт.

WhatsApp Image 2022 11 02 at 10.20.49 ИИМ: Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы