«Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур»: Президент сын-пикирлерге жооп берди

 Бул тууралуу Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Анда журналист өлкө башчыга төмөндөгүдөй суроо узаткан.

— «Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Бул комиссия сиздин демилге менен түзүлдү деген кептер тарап жатат. Эмне үчүн демилге көтөрдүңүз?

 — Ооба депутаттык комиссия түзүлдү. Айрым ою бузук жарандар, бир депутатыбыз шек санап, «Жапаровдор алтын уурдап жатат, 19 тонна алтын жоголуптур», — деп жалаа жабууга аракеттерди кыла башташканда өзүм демилге көтөрүп, «депуттаттардан турган комиссия түзгүлө» деп эл өкүлдөрүнөн сурандым. “Комиссиянын курамына жарандык коомдун өкүлдөрүн да кошуп алгыла” дедим. «Комиссиянын төрагасы кылып Мадумаровду шайлап берсеңер» дедим эле, тилекке каршы, макул болбой койгонбу, айтор Исхак Масалиев комиссиянын төрагасы болуптур.

Мейли кимиси болсо да, «Кумтөргө» барышсын, ийне-жибине чейин текшерип келишсин, анан элге жарыя кылышсын. Канча алтын казылыптыр, кайда сатылыптыр, канчасы Улуттук банкта сакталуу экен, уурдалыптырбы же уурдалбаптырбы – баарын айтып беришсин. Кыргызстандын тарыхында чогулбаган көлөмдөгү алтын бүгүнкү күндө чогулуп, Улуттук банкта сакталып турат. Өз көздөрү менен көрүп келишсин.

Биз «Кумтөрдү» кайтарып алган күнү эле тааныш-билиштерибиз «жумушка киргизип койсоңор» деп эшик кага башташты. Мен бардык туугандарымды чогултуп алып: «Кумтөргө» жолобогула, бир дагы кишини жумушка киргизбегиле. Кийин ар кандай болуп «Кумтөр» иштебей калса, “мына, силер адис эмес адамдарды киргизип атып, иштете албай калдым» деген сөзү болот”, — деп айттым. «Жоопкерчилик Теңгиз мырзанын өзүндө болсун. Бошогон орундар болсо, өзү кызматка алып, өзү жооп берсин” деп Теңгиз мырзанын өзүнө толук укук бергем. “Бир килограмм эт, бир килограмм картошка дагы сатпагыла. Кыскасы, жакындашпагыла” дегем.

Ошол күндөн ушул күнгө чейин бир дагы жакын тууганым «Кумтөр» менен иш кылбайт. Теңгиз Бөлтүрүккө биринчи күндөн баштап какшап айтып келдим. «Теңгиз мырза, мындан ары сиз чет мамлекеттерде жеке менчик ишкананы башкарып жүргөндөй башкарбаңыз. «Кумтөр» мамлекеттик ишкана болот. Каражаттарды оңго-солго чачпаңыз. Мамлекеттин укуругу узун. Бир сомдун артынан издеп барат. Буга чейин “Кумтөрдөн” жеп келгендердин оозун тигиңиз. Өзүңүз да уурдабаңыз. Таза иштеңиз», — деп «Кумтөрдүн» бир тыйынына да аралашкан жокмун.

Ошондон баштап эле “таза иштеп атам” деп, бизди ынандырып келген. Биз болсо «Кумтөр» Кыргызстанга толук өткөнгө чейин ызы-чуу кылбай туралы деп текшерүү жибербей турдук. Анан “Кумтөр” Кыргызстандын энчисине толук өтөрү менен Эсеп палатасын жибердим, 3 ай текшерип келишти. Сатып алууларда коррупциялык элементтер аныкталды. Жыйынтыгында Теңгиз мырза жана башка тиешеси бар жетекчилер камалды. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Биз элден эч нерсе жашырбайбыз. Балким Эсеп палатасы же мамлекеттик органдар көрбөй-билбей калган кемчиликтери болсо депутаттык комиссия билип келеттир. Андан мамлекетке эч кандай зыяны жок, пайда гана болот, кемчиликтери болсо, оңдоп алабыз дегендей.