Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде калтырды

Улуттук банк башкармасы 2022-жылдын 31-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 14 пайыз деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Ага ылайык, чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15,5 пайыздан төмөндөп 14,9 пайызды түзгөн. Керектөө бааларынын учурдагы өсүшү, негизинен, монетардык эмес мүнөзгө ээ болуп, көбүнчө дүйнөлүк азык-түлүк жана энергия продукциялар рыногунун таасири сыяктуу эле, Кыргызстандын экономика түзүмүнүн таасирин, анын ичинде жогорку деңгээлде импортко көз карандылыкты чагылдырат.

2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам 7,2 пайызды түзгөн. Кыйла жогорку өсүш арым өнөр жай, айыл чарба менен кызмат көрсөтүү секторунда катталган.

Тышкы чөйрө дүйнөдөгү инфляциялык процесстердин күчөшүнүн алкагында глобалдуу финансылык шарттардын катуулашы менен мүнөздөлөт. Кыргызстанда акча-кредиттик шарттар олуттуу деле өзгөргөн эмес жана катуулатылган бойдон калууда. Улуттук банк тарабынан өз учурунда көрүлгөн чаралардын натыйжасында акча жана валюта рынокторундагы жагдай туруктуу бойдон сакталып турат.

Келечекте глобалдуу экономикалык өнүгүү сыяктуу эле, регионалдык экономикалык өнүгүүдө да белгисиздик сакталып турат, ал Кыргыз Республикасында андан аркы экономикалык процесстерди алдын ала аныктаган фактор болуп саналат. Ички суроо-талаптын, анын ичинде эмгекке жана социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кеткен мамлекеттик чыгашалардын өсүшүнүн эсебинен калыбына келиши, мурдагыдай эле, инфляциянын динамикасына өз салымын кошот.

Улуттук банк ички жана тышкы экономикалык чөйрөнү өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Улуттук банк инфляцияга түрткү берүүчү тобокелдиктер жөнгө салынганга чейин учурдагы акча-кредит саясатына таянууну улантат. Кандайдыр бир тобокелдиктер орун алган шартта, Улуттук банк жүргүзүп жаткан монетардык саясатка кошумча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жокко чыгарбайт.

Улуттук банк орун алган жагдайга туруктуу негизде көз салып турат жана зарыл учурда орто мөөнөттүү мезгил ичинде баа туруктуулугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.