Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылды

Ысык-Көл облусундагы бир мөңгүгө БАЭ негиздөөчүсү, шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Жапаров БАЭ президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуу учурунда ага Ысык-Көл облусундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасында жайгашкан №354 мөңгүгө «шейх Заед бин Султан Аль Нахайян» географиялык аталышы ыйгарылганы жөнүндө билдирди.

Мамлекет башчысы Мухаммед бин Заед Аль Нахайянга географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө сертификат менен аталган мөңгү чагылдырылган картинаны тапшырды.

«Мухаммед бин Аль Нахайян сууну сарамжалдуу пайдалануу жана экологияга аяр мамиле кылууну жактаганы менен белгилүү болгон. Чечим кыргыз-эмират достугунун чыңдалышын белгилөө, шейх бин Заед Аль Нахайяндын Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жолго коюуга жана өнүктүрүүгө кошкон маанилүү салымын эске алуу менен кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.

БАЭ президенти Мухаммед бин Заед Аль Нахайян эмират элинин атынан терең ыраазычылык билдирип, бул демилгени жогору бааларын белгиледи.