Журналист Семетей Талас уулун милиция алып кетти
Бул маалыматты Семетей Талас уулу өзүнүн жеке баракчасында жазды. Ички иштер министрлиги журналисттин кармалышы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Талас уулу буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси тууралуу пикирин байма-бай жазып келген.