ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, – сүрөт, видео

Бүгүн, 1-ноябрда Ички иштер министрлигинде Милиция кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды. Жыйындын башында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери жана чакырылган коноктор ИИМдин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган «Мыйзамга кызмат кылуу – Элге кызмат кылуу» темасындагы видеотасманы көрүштү.

Андан кийин сөз сүйлөгөн ички иштер министри Улан Ниязбеков куттуктоо сөзүн, каалоо-тилектерин айтты.

«Ардактуу ардагерлер! Урматтуу кыргыз милициясынын жана ички аскерлердин күжүрмөн эр-азаматтары! Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 98 жылдыгы менен Ички иштер министрлигинин коллегия мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Биз таза абийир, жогорку жоопкерчилик сезими менен кызмат өтөп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коюшубуз керек. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана аскер кызматчылары жарандардын тынчтыгын жана коопсуздугун сактоо, аларды кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн көп учурда өз ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салууга туура келет. Ал эми биздин көптөгөн кызматкерлер кесиптик майрамын өз кызматында өз милдетине, антына бекем бойдон белгилешүүдө. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине чын дилимден чың ден-соолукту, бакубатчылыкты, жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, күнүмдүк жашоодо бейпилдикти, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылыкты, Ата-Мекендин жыргалчылыгы үчүн жооптуу жана оор жумуштарыңыздарга ийгиликтерди каалайм»,— деди ал.

7 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
6 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
WhatsApp Image 2022 11 01 at 09.41.10 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
WhatsApp Image 2022 11 01 at 09.41.12 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
WhatsApp Image 2022 11 01 at 09.41.11 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
WhatsApp Image 2022 11 01 at 09.41.11 1 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
d67f9d35 61c4 4183 84e4 f5bfa09e0a8d ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео
3 ИИМдин бир катар кызматкерлери сыйланды, - сүрөт, видео

YouTube video