
Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Азербайжанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Билдирүүгө караганда, мелдеш 5-9-ноябрь күндөрү Баку шаарында өтөт.
Дүйнө чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси:
1. Маматибрагим Суранов;
2. Темирлан Абдикаримов;
3. Хайитхон Хусан кызы.
Спортчулар пара дзюдо боюнча машыктыруучу Канат Имияновдун жетекчилиги астында чемпионатка катышат.