ИИМ: Ишкерден 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды


Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына ИИМден билдиришти.

2022-жылдын октябрь айынын башында ИИМдин Тергөө кызматына Баткен облусунун тургуну май айынан ушул күнгө чейин шантаж жолу жана физикалык күч менен коркутуп, 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткан бейтаныш жаранга карата мыйзам чегинде чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.


Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Кылмышкердин табити барган сайын күчөп, Бишкектен эки батир, акча талап кылган. Алардан тышкары ал кийинчерээк ири өлчөмдө акча алып келүүнү талап кылган.

WhatsApp Image 2022 10 27 at 08.23.48 2 ИИМ: Ишкерден 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды


2022-жылдын 25-октябрында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө 100 000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын, ошондой эле жалпы баасы 200 000 АКШ долларын түзгөн эки батирди алып жаткан жеринен шектүүнү кармашкан. Кармалган жаран Баткен облусунун 1974-жылы туулган тургуну Д.Д болуп чыкты. Ал мурдагы каржы полициясынын кызматкери жана мурда бир нече жолу соттолгон. Кармалган жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 10 27 at 08.23.48 1 ИИМ: Ишкерден 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды
WhatsApp Image 2022 10 27 at 08.23.48 3 ИИМ: Ишкерден 3 000 000 сом акча каражатын опузалап талап кылган Баткен облусунун тургуну кармалды


ИИМдин Басма сөз кызматы