Эмил Жамгырчиев өзүнчө спорт министрлигин түзүүнү сунуштоодо

Депутат Эмил Жамгырчиев өзүнчө спорт министрлигин түзүүнү сунуштоодо. Азыр спорт департаменти Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында.

Жогорку Кеңештин 27-октябрдагы жыйынында ал өткөн аптада вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев баштаган депутаттар министрлик түзүү маселесин карап, чечим парламент төрагасынын кароосуна коюлганын билдирди.

“Маданият министрлигинен спорт тармагын бөлүп, агенттик кылбай министрилик кылуу керек. 1950-жылдан бери спорт тармагына көңүл бурулган эмес. Мындайча айтканда, министрлик болгон эмес. Болгону агенство, департамент жанан комитет болуп келген, ошондуктан спортко көңүл бурулган эмес. Мен өзүм спорт тармагына көптөн бери аралашып жүрөм. Федерациянын башчылары, спортчулар, бардыгы кайрылып кошумча маалымат берүүнү суранышты. Бул президенттин атына да кайрылуу болот.

Учурда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, бул беш тармакты алып барганга физикалык жактан жетишпейт. Ошол себептен спортко көңүл бурулбай калып жатат. Бүгүнкү күндө министрликтин астында жүздөн ашык федерация бар. Анын 60тан ашыгынын дайыны жок, эч нерсе менен алек болбойт. Бирок мамлекеттин эсебинен жылына кызылдай акчалар бөлүнүп берилет. Ал эми 40 пайызы өздөрү менен өздөрү.

Эмне үчүн бизге өзүнчө министрлик керек, деп сурасаңыздар керек. Негизи биздин желегибиз чет өлкөдө эки учурда гана желбиреп турат: президент башка өлкөгө барганда же спортчулар медаль утуп алганда. Биз аларга таазим кылып, колдоо көрсөтүшүбүз керек”, – деди депутат. .

Ал кошумчалагандай, коңшу мамлекеттерде машыктыруучулардын айлыгы 3-5 миң доллар, биздин республикада болгону 6 миң сом.

“Азыркы учурда бул эмнеге жетет? Эгерде спортчу жыйынтык көрсөтпөсө, алар бул акчадан ажыратылат”, – деп баса белгиледи Жамгырчиев.