Тоноого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды

Баткендин Кызыл-Кыя шаарында окуучуларды коркутуп, тоноого шектелип 17 жаштагы өспүрүм кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери 24-26-октябрь аралыгында “Антирэкет” иш-чарасын уюштуруп, шаар аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында бир топ иштерди жүргүздү.

«Мурда катталган кылмыштардын бетин ачууга балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери топторго бөлүнүп, 21-сентябрда катталган арыздын негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп, изин жашырып жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын 17 жаштагы М. аттуу тургунун кармаган. Шектүү 2022-жылдын сентябрь айынын аягында Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү тоноп, акчаларын, телефондорун алып жүргөн төрт факт катталган»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп, тонолгон буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди.