Ошто жер титиреди

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, табигый кырсык кечээ, 24-октябрда саат 22:57де катталган.

Жер титирөө Алай районунун Каблан-Көл жана Тогуз-Булак айылдарында, Кара-Суу районунун Корок, Чайчи, Ийрек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Анын кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.