Атай Бейшенбек Токмоктогу тергөө изоляторунда кармалууда

 Активист Атай Бейшенбек Токмоктогу тергөө изоляторуна алып барышканын Вulak.kg редакциясына өздүк булактар билдириди.

Буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров менен Жалал-Абад облусунун экс-губернатору Бектур Асановдун кармалышы тууралуу маалымат тараган.

Активист Атай Бейшенбек да эки суткага камакка алынганы белгилүү болду.

Мурдараак маалымдалгандай, Асия Сасыкбаева, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Эрлан Бекчороев, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жеенбеков, Чыңгыз Капар, Али Шабдан жана Рита Карасартова 48 саатка кармалган.

Жалпы камалгандар:

  1. Равшан Жээнбеков;
  2. Асия Сасыкбаева;
  3. Рита Карасартова;
  4. Чынарбек Шабдан уулу (Али Шабдан);
  5. Таалай Мадеминов;
  6. Улугбек Маматаев;
  7. Перизат Суранова;
  8. Жениш Молдокматов;
  9. Эрлан Бекчоро уулу;
  10. Гульнара Джурабаева;
  11. Чыңгыз Капаров;
  12. Клара Сооронкулова;
  13. Атай Бейшенбек;
  14. Азимбек Бекназаров;
  15. Нурлан Асанбеков;
  16. Айбек Бузурманкулов; –
  17. Канат Исаев;