Кыргызстандын дагы эки банкы «Мир» картасын тейлөөнү токтотту

Кыргызстандын бери дегенде дагы эки банкы Орусиянын «Мир» банктык картасын тейлөөнү токтотту.

«Азия Банкы» жана «Кыргызстан Коммерциялык банкы» бир катар орусиялык банктар менен кызматташуусун токтоткону белгилүү болду. «Азия Банкынын» колл-борбору «Мир» карталарын тейлөө бир жумадай мурда токтотулганын билдирди.

«Биз тилекке каршы, чын эле «Мир» карталарын тейлөөнү токтоттук. Анын себебин атай албайбыз, бул биздин жетекчиликтин чечими», — деп белгиледи банктын өкүлү.

Ал арада «Кыргызстан Коммерциялык банкы» «Мир» карталарын тейлөөдөн баш тартышынын себеби Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу экенин билдирди.

Банктан «санкциянын таасири тийип калышы мүмкүн» деген негизде «Мир» картасын тейлөө токтотулганын билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандагы «Компаньон», «Дос кредо банк» жана «Бакай банк» Орусиянын «Мир» банктык картасын тейлөөнү токтотушкан. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылган. Карталарды тейлөө качан жаңыртылары тууралуу маалымат айтылган эмес.