Гүлзат Мамытбек ачкачылыгын токтотту

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Бишкек шаарындагы №1 абакка камакка алынган Алымкулова Гүлзатка (Гүлзат Мамытбек) барды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Гүлзат Алымкулова акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын «В», «С» витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана абактын администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирген.

«Камактагы Гүлзат Мамытбек кечээ, 23-ноябрдан тартып ачкачылыгын расмий токтотту»,- деп айтылат маалыматта.