Кулубаев Кореяга расмий сапар менен барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кореянын КРдагы элчиси Ли Вонджэни кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы мамилелерди, дипломатиялык кызматташтыктын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында КР ТИМ башчысынын Корея Республикасына расмий сапарын уюштурууну талкуулашты.

Өз кезегинде Кореянын элчиси министр Кулубаевдин Кореяга сапары иштеп чыгуу абалында экенин маалымдап, акыркы жылдардагы кыргыз-корей мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасына оң баа берди.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын октябрь айында катышуучу-өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде боло турган “Борбордук Азия – Корея Республикасы” кызматташтык форумунун 15-жыйынына катышууга кыргыз тараптын даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар саламаттыкты сактоо, санариптештирүү, туризм, экономикалык коопсуздук, экология жана энергетика сыяктуу тармактарды камтыган форумдун 15-жыйынынын күн тартибинин актуалдуулугун белгилешти.

Аймактын туруктуу өнүгүүсүн жана өсүүсүн камсыздоо максатында Кыргызстан «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун Кыргызстандын Корея Республикасы жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүү аянтчасы катары карай турганын министр Ж.Кулубаев белгилеп кетти.

Соңунда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин белгилешти.