Ысык-Көлдүн тургуну Эркин Турбаев 3 метрлик тарыхый эстелик тапты

Ысык-Көлдүн Ак-Булуң айылынын тургуну Эркин Турбаев айдоо жерден тарыхый эстелик тапты. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, үч метрлик эстелик 15-октябрь кечке маал жер айдатып жатканда табылган.

“Кечке маал айыл-чарба техникасынын сокосу ташка тийип сынды. Айдоочу “ташты албасак, шайман кайра сынат” деп айтты. Казып чыгаруу аракетин көрсөк, узундугу 2 метрден ашуун балбал таш чыкты. Канча жылдан бери айдап жүргөн жер. Мен жаңы иштетүү аракетин көрүп жатканда, айылга да чоң табылга болду. Мен муну жакшылыкка жооруп койдум”, — деген Эркин Турбаев “Турмуш” басылмасына.

1443699.506fbe66c8fb08f13a874a021454fe25 Ысык-Көлдүн тургуну Эркин Турбаев 3 метрлик тарыхый эстелик тапты