Кара-Сууда уурулук жасаган жаран Бишкек шаарынан кармалды

Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 7-октябрь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, уурулук фактысы менен издөөдө жүргөн Ысык-Көл облусунун тургуну 1998-жылы туулган Д.К. Бишкек шаарынан жашырынып жүргөн жеринен кармалды.

WhatsApp Image 2022 10 14 at 13.13.40 Кара-Сууда уурулук жасаган жаран Бишкек шаарынан кармалды


Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
Кара-Суу РИИБге арыз менен Кара-Суу районунун тургуну 60 жаштагы М.К. аттуу жаран кайрылган. Анда, 2021-жылдын 1-август күнү үйүнө белгисиз жарандар кирип, алтын, күмүш буюмдарын жана акчаларын уурдап кетишкендигин билдирген. Натыйжада жабырлануучуга 52000 (элүү эки миң) сомдук зыян келтирген.


Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү 24 жаштагы Д.К. Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүү мындан башка кылмышка тиешеси бар же жок экендиги такталууда.