Депутат Рахмонго берилген сыйлыкка байланыштуу Путинге кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун III даражадагы «Мекенге сиңирген эмгеги үчүн» ордени менен сыйланганына таң калып Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылды. Ал эми сыйлыктын өзү Тажикстандын Кыргызстанга жасаган аскерий агрессиясынан бир-эки жума өткөндөн кийин берилген.

“Бүгүнкү кайрылуумду Россия Федерациясынын президенти Владимир Владимирович Путинге арнагым келет.

Урматтуу Владимир Владимирович! Белгилүү болгондой, орус тили Конституцияда бекемделген жана Кыргызстанда расмий тил болуп саналат. Биздин өлкөдө көптөгөн орус тилдүү адамдар жашайт, алардын укуктарын биз урматтайбыз жана жашообуздун бардык чөйрөсүндө коргоону камсыз кылабыз. Биздин мамлекет, кыргыз элибиз сиздерге өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылат.

Менин кайрылуумдун себеби – шектенүү, таң калуу, баш аламандык. Эки күн мурун Тажикстандын президенти, баскынчы Эмомали Рахмонду ушул жылдын сентябрь айында биздин аймакка басып киргенден кийин дароо эле “Аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн” III даражадагы “Мекенге кызматы үчүн” медалы менен сыйладыңыз. Мурунку сыйлык былтыр 2021-жылдын апрелинде Кыргызстанга куралдуу агрессия болгондон кийин дароо эле “Мамлекеттер ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн” медалы болгон.

Тажикистандын Кыргызстанга агрессивдүү куралдуу басып киришинен кийин эмне үчүн агрессорду орден менен сыйлап жатканыңызды биз кыргыздар түшүнө албай жатабыз? Көптөгөн аскер кызматкерлери жана карапайым калк каза болду, 700дөн ашык үй өрттөлдү, 10 миңден ашуун адам үй-жайсыз калды. Алардын жашаганга жери жок, алдыда болсо кыш келе жатат.

Сиздин иш-аракеттериңиз агрессор менен сиздин ортоңузда кандайдыр бир жашыруун сыр сыяктуу таасир калтырат. Мен бул жөн гана кокустук экенине ишенгим келет», – деп жазган ал.