Чек ара кызматы: Социалдык тармактардагы маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда чек ара бөлүктөрүндө материалдык ресурстар жана тамак-аштын жетишсиздиги тууралуу тараган маалымат чындыкка дал келбейт, деп билдирди УКМКнын Чек ара кызматы.

8-октябрга карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан чек ара бөлүктөрү жана өткөрүү пункттары камсыздоо нормаларына ылайык материалдык ресурстардын бардык түрү менен 100% камсыз болду. КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын бардык өздүк курамы кийим-кече (кышкы жана жайкы форма) жана жеке коргонуу каражаттары менен толук камсыздалды, деп айтылат маалыматта.

“Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен 2023-жылдын июнь айына чейин чек ара заставаларында узак мөөнөткө сакталуучу азык-түлүктөр (ун, ар кандай жарма ж.б.) сатылып алынат. Ар бир үч айда тез бузулуучу продукциянын запасы толукталып турат. Бардык чек ара заставалары керектүү көлөмдөгү катуу отун (көмүр жана отун) менен камсыздалган. Чек арачыларды бардык керектүү нерселер менен камсыздоо маселеси чек ара кызматынын жетекчилигинин көзөмөлүндө, ал өздүк курамды керектүү материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда», – деп айтылат Чек ара кызматынан.

Төраганын биринчи орун басары – УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев чек ара бөлүктөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерүү үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти.