ИИМ Россияга бара жаткан мекендештерге чек арадан кирүү эрежелерин эскертет

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясына ишке орношуу максатында келген Кыргыз Республикасынын жарандарына 2021-жылдын 1-июлундагы №274-ФЗ Россиянын «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндөгү» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүүгө;
  • Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү керек;
  • медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.
    Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Орусиянын аймагында жүрүү мөөнөтү кыскарат.
    Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Орусия Федерациясынын аймагына бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган Федералдык Мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.