Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери 7,5 миллион сомдон ашык баалуу зер буюмдарды контрабандалык алып келүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аэропортунда «Стамбул-Ош» каттамы боюнча рейсти бажылык тариздөө процессинде декларацияланбаган «сары металл буюмдары» аныкталып, кармалган. Өзбекстан Республикасынын эки жараны «К.М.» жана «Т.Г.Ш.» зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын атайын кесилген оюктарына катып, Кыргыз Республикасында ЕАЭБ бажы аймагына алып кирүүгө аракет кылган.

«Т.Г.Ш. жана К.М. аттуу жарандар сары металлдан жасалган (585 белгиси боюнча алтын) буюмдарды бажы жагынан эч кандай товарды коштоочу документтери жок алып келүүгө аракет кылган. Чынжырлар — 179 даана, билерик — 52 даана. Кармалган товардын жалпы салмагы 2,406 граммды (таза), орточо базар баасы 7 699 200 сомду түзгөн.»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар Түштүк-Батыш бажысынын КБР МЭЖ АДСга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына караштуулугу боюнча өткөрүп берилген.

Foto GTS 1 Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды
foto gts 2.730x400 1 Зер буюмдарын бут кийимдердин таманынын кесилген оюктарына катып, өлкөгө алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды