Талант Мамытов креслосун да ала кетти

Бүгүн, 5-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматынан кетти. Мамытов өз эрки менен кызматтан кеткенин айткан.

“Мен кызматтан кетүү боюнча чечимди өзүм кабыл алдым. Буга жакындагы окуя себеп болду. Аны кээ бир депутаттарыбыз айтып коомчулукка дагы чыгып кетти. Анда баарыбыз Баткенге кеткенбиз. Ошондо эле арыз жазып кетейин дегем. Бирок кесиптештерим айтып, токтотуп калды. Бул менин жеке чечимим. Бүгүндөн тартып төрагалык кызмат бош, мен кызматымды тапшырдым”, — деди Мамытов.

Ал өз сөзүн айткандан кийин дароо залдан чыгып кетти.