Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

 

4-октябрда жазуучу, мурдагы мамлекеттик катчы, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев Facebook баракчасына чек арадагы абал тууралуу пост жазды. Ал өлкө башчысынын жетишкендиктерин айтып, бул бийлик чек арадагы аскерлердин абалын жакшыртканын, аскердик техниканы сатып алганын, пенсия, пособие, айлыктарды көбөйткөнүн билдирген. Мындан тышкары, Абыкеев бийликти сындагандарды чек ара чырын пайдаланып, саясий упай топтоп, өздөрүн жарнамалоодо деп айыптаган.

Ал кол салган тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашуун танкынан жана 20дан ашуун аскер техникасынан айрылганын кошумчалаган.

AETB1d0cho Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

Абыкеевдин билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга алынып, сынга кабылды. Социалдык тармактардын колдонуучулары президенттин кеңешчисин “жалган маалымат таратты” деп айыпташты.

LKy EQ6CasPGE9uj1C3TmVqSL58GRO2IikPFRtYf59xBk9FxfPNU6bZEnVFRK12aLKHY8FHFIbbUosALxGzBuxM xZiiqXlbcG7Lh VsVTdRG9z3Sj3wbJcmDThe9QzPG7yd2ZNENePmgSlup83oERMBF109MhodIqsRZfHn7sdOaLq661Crhyybg Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

Bulak.kg Абыкеевдин постундагы билдирүүлөрдү текшерип, бир нече жалган маалымат жана манипуляция бар экенин аныктады.

  1. Билдирүү: “Кол салган тарап 400гө чукул жаранынан, 50дөн ашуун танкынан жана 20дан ашуун чопкутталган техникасынан айрылды”.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 24-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө жабырлануучулар тууралуу маалымат берген. Тажикстандын ТИМинин сасмий статистикасына ылайык, 40тан ашуун жаран казан болуп, 200дөй адам ар кандай жаракат алган. Сироджиддин Мухриддин жабырланган аскерлердин саны тууралуу кеп козгогон эмес. Ал эми «Озоди» радиосу өздүк булактарга таянып, каза болгон 74 адамдын тизмегин, чек арада жайгашкан жабырланган айыл, дүкөн жана үйлөр тууралуу маалыматты жарыялаган.

Бирок тажик тарап 400 жаранынан айрылганы тууралуу үн каткан эмес.

Аскердик күчтөрдүн дүйнөлүк рейтингин түзгөн Global Firepower Index маалыматына ылайык, Тажикстанда учурда 47 танк бар жана өлкө аскердик техниканын саны боюнча дүйнөдө 94-орунду ээлейт.

Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

Ал эми Абыкеев чек ара жаңжалында талкаланган танктардын саны 50дөн ашуун экенин билдирген.

Белгилей кетсек, чек арада 14-18 сентябрда болуп өткөн окуя тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги расмий сайтында 18-сентябрда маалымат жайгаштырган. Бирок министрлик талкаланган аскер техникасы тууралуу маалымат берген эмес.

Жыйынтык: жалган

  1. Билдирүү: “Мындан эки жыл мурун президентибиз Садыр Жапаров чек арадагы абал менен таанышып келип, кыдырып келип каңырыгы түтөп айткан эле: “10 танка болсо анын 8 танкасы жүрбөйт экен”. 

2020-жылдын август айында ММКлар Кыргызстанда Т-72 и Т-64 үлгүсүндөгү 150 танк бар экенин, ал эми Тажикстанда Т-72 үлгүсүндөгү 44 танк бар экенин жазып чыккан.

ZO6fZxuXN0oGaBBHxo 7YIBU057cQ85W 1oSBd8cJMXxe9zjwbcGscUWGD840iaIoJEzZLrDrcWDCJC9At5xg sML77tLhWd3hpQA1HAiR dyfHSEPC8DMGKV7 aQGlcoU BE8VVFdkqHtk9aZM m p DBEpmIP3T VF3bEK1SHe3RVKuHOFj Ao2A Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

Global Firepower Indexтин учурдагы маалыматына ылайык, аскердик техниканын саны чындап эле 65 бирдикке көбөйүп, 215 танк болгон. Бирок Садыр Жапаров бийликке келгенге чейин өлкөдө 10 гана танк болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Жыйынтык: жалган

  1. Билдирүү:  “Бюджет 2019-2020-жылдардагы 160-200 миллиарддан 420 миллиардга өстү.” 

2022-жылдын башында быйылкы бюджет 282,1 млрд сом болору пландаштырылган.

Budjet.okmot порталынын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январынан 4-октябрына чейин бюджеттин кирешелери 180,3 млрд сомду түзгөн.

2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн бюджети 207,7 миллиард сомду, ал эми 2020-жылы 164,3 миллиард сомду түздү. Демек, Ошентип, Абыкеев 2019-2020-жылдардыгы бюджет тууралуу маалыматты туура жарыялаган, бирок 2022-жылга карата сумманы эки эседен ашык көбөйткөн.

Билдирүү: “Сырттан карыз алуу токтоду”. 

Жыйынтык: манипуляция, жартылай чындык.

Буга чейин Каржы министрлиги быйылкы жылдын бюджетин колдоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 80 миллион доллар түшөрүн билдирген. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктан 50 миллион доллар: 25 миллиону насыя, 25 миллиону гранттык каражат алынары айтылган. Сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун кабыл алышкан. Мыйзам долбооруна ылайык, АӨБ 50,65 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинен: 25,65 миллион доллар грант жана 25 миллион доллар насыя түрүндө берилет. 2022-жылдын 30-июнунда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстан орусиялык ири банктан 500 миллион доллар насыя ала турганын билдирген. Бирок, ал каражат кайсы тармакка жумшалары айтылган эмес. 2022-жылдын 27-июнунда Economist.kg басылмасы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) 100 миллион доллар бөлөрүн маалымдаган. Каражаттын ичинен 50 миллион доллар жеңилдетилген насыя жана 50 миллион доллар грант түрүндө берилери айтылган. Насыя 38 жылга берилет. Анын ичинде алты жылдык жеңилдик каралып, 0,75% пайыздык чен менен 32 жылга берилери маалымдалган. 2022-жылдын 21-апрелинде Дүйнөлүк банк Кыргызстанга суу тармагын жакшыртуу долбооруна 100 миллион доллар, Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 миллион доллар бөлөөрүн жарыялаган. Каражаттын жарымы (75 миллион доллар – ред.) грант катары берилет.

Жыйынтык: жалган.

  1. Билдирүү: “Айлыктар, жөлөк пул, пенсиялар эки жылда 100-150 пайызга чейин көтөрүлбөсө дүйнөнү каптаган кымбатчылыкта элибиз эмне болот эле?” 

Пенсия

Социалдык фонддун маалыматына ылайык, 2020-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 5 786 сомду түзгөн. Ал эми Каржы министрлиги 2022-жылдын октябрь айынан тарта өлкө боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 2000 сомго көтөрүлүп, 8 080 сомду түзөрүн маалымдаган. Демек, пенсия эки жылда Абыкеев айткандай 100-150%га эмес, 71,6% га өскөн.

Айлык акы

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы өлкөдө орточо айлык акы 18,9 миң сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында министрлер кабинети 2022-жылдын январь-май айларында орточо айлык 22,9 миң сомду түзгөнүн билдирген. Демек, айлык акы 17,4%га гана өскөн.

Пособие

Пенсия менен эмгек акыдан айырмаланып, пособие алчу көптөгөн жарандар үчүн жөлөк пулдун өлчөмү чындап эки эсеге көбөйгөн: – ата-энесинен ажыраган балдар үчүн 2020-жылы жөлөкпулдун өлчөмү 1500 сом болсо, эки жылдан кийин анын өлчөмү 3000 сомго (100%) чейин көтөрүлгөн – 2020-жылы пенсия албаган кары-картаңдарга ай сайын 1000 сомдон бөлүнсө, 1-июндан тарта бул сумма 2000 сомго чейин (100%) өскөн; – 2020-жылы 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 810 сом өлчөмүндө жөлөк пул бөлүнсө, 1-июндан тарта жөлөк пул 1200 сомго (67%) чейин жогорулаган; – жалпы оорудан жабыркаган I топтогу майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул 2000 сомдон 5500 сомго чейин (125%) көтөрүлдү; – II топтогу жалпы оорудан жабыркаган майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул 1500 сомдон 3000 сомго чейин (100%) көтөрүлдү; – III топтогу жалпы оорудан жабыркаган майыптарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул 1000 сомдон 2000 сомго чейин көтөрүлдү (100%); – баатыр энелерге ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул – 2000 сомдон 3000 сомго чейин (50%) өскөн.

Жыйынтык: манипуляция, жартылай чындык.

Биринчи жолу эмес

Белгилей кетсек, Чолпонбек Абыкеев буга чейин дагы президент Садыр Жапаровго жан тарткан пост жарыялаган. Социалдык тармактарда өлкө башчынын агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтүн Абыкеев балмуздак деп сыпаттап, сүрөттү талкууга алган колдонуучуларды сындаган.

Мындан көп өтпөй Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине интервью берип, агасынын колунда алтын куйма экенин тастыктаган.

XR42FrGUXNdB56O ogIhC3o4Y1T7JXvQMEbBoi1c4R3lurDAo46uvXQib4RyghK GrMldlB9Xp78m6n 4F1 Фактчек: Президенттин кеңешчиси жалган маалымат таратты

Абыкеевдин бул посту сынга алынган соң, ал билдирүүсүн өчүрүүгө мажбур болгон.

Жыйынтык: президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин 4-октябрда жазган постунда бир нече ирет жалган маалымат айтылган жана манипуляция ыкмасы колдонулган.