Төрага болуп шайланган Нурланбек Шакиевдин өмүр баяны

Бүгүн, 5-октябрда Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланды. Төрагалыкка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Шакиевге 80 депутат «макул» 6 депутат «каршы» добуш берди.

Нурланбек Шакиев 1977-жылы 13-майда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

Билими:

1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин менеджмент адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1996-1997 — «Обон» гезитинин башкы редакторунун орун басары, башкы редактору;

1997-1999 — «Учкун» гезитинин башкы редактору;

1999-2004 — «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

2004-жылы транспорт жана коммуникациялар министринин маалымат катчысы;

2005-2006 — «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

2006-2009 — президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы;

2009-2010 — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;

2009-2010 — «ЭлТР – Коомдук телевидениесинин» гендиректору;

2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан №13 катарда шайлоого катышкан;

2010-жылы декабрь айында маданият жана маалымат министри болуп дайындалган.

2015-жылы «Республика— Ата-Журт» партиясынын шайлоо штабында жетекчи болгон.

2017-жылы NTV телеканалын негиздеп, жетектеген;

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына № 17 Аксы шайлоо округунан катышкан.