ИИМ: Египетте эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Интерпол бюросу менен Египеттин Интерполу менен биргеликте Каир шаарында биргелешкен издөө иш-чараларын өткөрүүдө 42 жаштагы А.А. эл аралык издөөдөгү “Азаматулло” каймана аттуу кылмышкердин инсандыгы аныкталып, кармалды


Кармалган А.А. аттуу жаран КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүгүндө (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыш жасагандыгы үчүн Ички иштер министрлигинин Интерпол бюросу тарабынан издөөдө жүргөн. Ал жарандарга ишеним көрсөтүп, алдамчылык жолу менен мүлк жана акча каражаттарын ээлеп алган.


Египеттин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан издөөдөгү шектүүгө карата Египеттен административдик чыгаруу түрүндө чечим колдонулган.
Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жардамы менен Кыргызстанга кайтаруу жана тергөө органдарына өткөрүп берүү маселеси иштелип чыкты.