
Нарында алты тоо эчкинин эти менен браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-октябрда саат 00:50дө аталган министрликтин кызматкерлери УКМК өкүлдөрү менен биргеликте Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Босого» экологиялык көзөмөл-өткөрүү пунктунан Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын К.А. аттуу тургуну 6 тоо текени мыйзамсыз олжолоп келе жаткан жеринен кармалды.
Окуя болгон жерде акт түзүлүп, топтолгон материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.