УКМК муниципалдык асфальтты сатуу иши боюнча Кара-Балтанын вице-мерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кара-Балта шаарында муниципалдык курулуш материалдарын мыйзамсыз сатууга байланышкан коррупциялык схеманы аныктады.

Атайын кызматтан билдиришкендей, коррупцияга каршы аракеттенүү иш-чараларынын жүрүшүндө «Кара-Балта мэриясына караштуу Жол-курулуш башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын директору Э.М.У. шаардын вице-мэри К.А.У. менен тил табышып, жеке жактарга кум-шагыл аралашмасын жана битум асфальтын мыйзамсыз сатууну уюштурганы аныкталган.

  • Алар курулуш материалдары муниципалдык ишкананын жана жергиликтүү бюджеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен сатылып келген. Атайын кызмат кызматтык адамдардын бул аракеттери муниципалдык менчикке жана шаардын каржылык кызыкчылыктарына зыян келтирди деп эсептейт.
  • Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен муниципалдык ишкананын директору жана Кара-Балта шаарынын вице-мэри кармалды. Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
  • Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага катышы бар болушу мүмкүн болгон башка адамдарды аныктоо боюнча
  • тергөө амалдары уланууда.