«Бул жакка уурдаганы келдиңби? аскерге бар»: Москвага иштегени барган кыргыз жарандары окуя тууралуу айтып беришти

Москвада документ текшерип жатып сөгүнүп, «бул жакка уурдаганы келдиңби? аскерге бар» деп оройлонгон жол кайгуул кызматкерлерин видеого тартып калган кыргызстандык жарандарбыз деген эки жигит элге кайрылып, окуя тууралуу айтып берди.

Алардын айтымында, окуя 26-сентябрда түнкү саат он экилерге жакын болгон.

«Бизди жол кайгуул кызматкерлери Дмитров шоссеси 55те токтотуп, документтерибизди текшерди. «Бул жакка эмнеге келдиңер», — деп сурады. Биз «иштегени келдик», — деп жооп берсек, «жок, силер уурдаганы келгенсиңер», — деп кайра-кайра айтты», — деди бири.

Андан кийин сөздү экинчи жигит улантып, буларды айтты:

«Алар «силер уурдаганы келгенсиңер, эгер иштегени келген болсоңор, аскерге баргыла, эмнеге барбайсыңар?», — деди. Ошол жерден биз видеого тарта баштадык. Бизди сөгүп жатканын видеого тартып алдык. Андан кийин бизди кое берип, биз кеткенбиз», — деди ал.

Алардын айтымында, мындай окуялар кайталанбашы үчүн видеону социалдык тармактарга чыгарууну чечишкен. Тасма тарагандан кийин «Кыргызстандын жарандарын аскерге алып кетип жатыптыр» деген сөз чыгып кеткен. Алар билдиргендей, ал туура эмес маалымат.

«Бизди эч ким эч жакка алып кеткен жок. Биз Москвада жүрөбүз. «Мигранттарды аскерге алып кетип жатат» деген маалымат туура эмес. Ага ишенбеңиздер. Эч ким алып кеткен жок. Россияда мигранттарды согушка алып кетүү тууралуу мыйзам чыккан жок. Россиянын жарандыгы барларды гана мобилизация кылып жатат», — деди экинчи жигит.

YouTube video