Россия: Күзгү аскерге чакыруу 1 айга жылдырылды

6420342 16.12.2020 Призывники перед отправкой на службу в Президентский полк у сборного пункта Краснодарского края. Виталий Тимкив / РИА Новости

Россиядагы аскер комиссариаттары жарым-жартылай мобилизациядан улам ашыкча жүк болуп, кырдаалды курчутпоо үчүн күзгү чакыруунун башталышы 1-октябрдан 1-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

«Бул мобилизацияланган жана аскерге милдеттүүлөрдүн агымын бөлүүгө мүмкүндүк берет», – деп түшүндүрдү Песков.

Эреже боюнча, Россияда күзгү аскерге чакыруу 1-октябрда башталат. Бирок 30-сентябрда президент Владимир Путин аскерге чакыруу 1-ноябрдан башталсын деген жарлыкка кол койгон.

Документке ылайык, күзгү өнөктүктүн алкагында 120 миң адам чакырылат. Бул былтыркы күзгө (127,5 миң) жана быйылкы жазга (134,5 миң) салыштырмалуу аз.