Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкекте 1-2-октябрда айыл чарба жарманкеси өтөрүн шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи май районунда жарманке 1-2-октябрда саат 8:00дөн 18:00гө чейин И.Раззаков көчөсүндө (Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда) өтөт.

Октябрь районунда 1-октябрдан 31-декабрга чейин ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:00дөн 19:00гө чейин Н.Жетикашкаева көчөсүндө (Айтиев менен А.Токомбаев көчөлөрүнүн ортосунда) болот.

Свердлов районунда ушул дем алыш күндөрү эртең мененки саат 8:00дөн 18:00гө чейин Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

Жарманкеде эт, сүт азыктары, ун, бал, жашылча-жемиштер, жумуртка жана башка көптөгөн азык-түлүктөр сатылат. 50 ата мекендик өндүрүшчүлөр азыктарын тартуулашат.