Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты бийликке кайрылуу жолдоду

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө төмөндөгүлөр камтылган. Толугу менен өзгөртүүсүз беребиз.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Урматтуу Талант Турдумаматович!

Урматтуу Акылбек Үсөнбекович!

Биз, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, акыркы мезгилде Кыргызстандын билим берүү системасында тутумдуу иш алып барган жана перспективдүү өнүгүп келе жаткан институт катары гана эмес, коомчулуктун көз алдында кыйла жогорку статуска ээ болуп, педагогдордун өзгөчө статусун калыптандыра баштаган системанын өкүлдөрү катары да чоң иштер жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу сиздерге кайрылуудабыз.

Билим берүү системасы гана квалификациялуу адам потенциалы аркылуу өлкөнүн келечегин түзөт. Бул өтө маанилүү.

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү тармагында жогорку квалификациялуу адис, дүйнөнүн мыкты окуу жайларында иш тажрыйбасы мол инсан катары билим берүүнү башкаруу системасын биринчи кезекте билим берүүнүн сапатын, анын ичинде кесипке даярдоону, инфраструктураны бекемдөө үчүн алгылыктуу реформаларга багыттады. Анын пландары өлкөнүн билим берүү системасын программалык түрдө кайрадан реформалоо болуп саналат.

Анын жетекчилиги астында билим берүү системасы мектепке чейинки билим берүүдөн баштап, жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү жана адам капиталын башкарууга чейинки билим берүүнүн мазмунун башкаруунун жаңы технологияларын киргизүү аркылуу эл аралык билим берүү чөйрөсүнө чыгууга ишенимдүү кадам таштады.

Алмазбек Бейшеналиевич баштаган реформалар көп жылдардан бери алгачкылардан болуп сизден, өлкө жетекчилигинен колдоо тапты.

Ийкемдүү окутуу стандарттарын киргизүү боюнча долбоорлор иштелип чыккан. Бул баланын өспүрүм курагынан өзүн таанып, билүүсүнө мүмкүндүк берет. Бул 12 жылдык билим берүүгө өтүү жана мектепте башталгыч кесиптик билим берүү программаларын киргизүү түрүндө ишке ашырылат. Бул баланын окууну аяктагандан кийин белгилүү бир кесипти ыкчам өздөштүрүп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Эмгек акынын жаңы структурасына ылайык билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулатылып, эл аралык эмгек рыногундагы атаандаштыкка туруштук бере ала турган адистерди даярдоонун механизмдери иштелип чыкты.

Биздин министр эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүүгө өзгөчө көңүл буруп келди. Анткени көп жылдар аралыгында үй-бүлөсүнөн алыс, жакындарынын колунда калган балдардын талкаланган тагдырларына күбө болдуп келүүдөбүз.

Анын программалык иш-чаралары балдардын жогорку деңгээлдеги билим алуусуна багытталган. Бул үчүн биз “Электрондук мектеп”, Мугалимдер үйү, Интеллектуалдык өнүгүү борборлору, сертификациялоо жана валидация борборлорун иштеп чыктык. Кесиптик билим берүү тармагында бизнес-инкубаторлорун, стартаптарды, стипендияларды, дуалдык окутуу жана көз карандысыз сертификациялоону ишке ашырууга бел байлады.

Министр болуп иштеп турганда Алмазбек Бейшеналиевич министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн түп тамырынан бери кайра түзүп, кызматкерлердин интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын ачууга шарт түзүп, тынымсыз ой жүгүртүү жана тажрыйба алмашуу режиминде иш алып барып келди.

Алмазбек Бейшеналиевич ар бир кызматкерге жекече мамиле жасап, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө эмгек жамаатка колдоо көрсөткөндүгү менен айырмаланат.

Биздин министр эмгек жамаатта чоң кадыр-баркка ээ экендигин жана биз үчүн интеллигенттүүлүктүн, ак ниеттүүлүктүн жана кесипкөйлүктүн эталону экендигин билдиребиз. Мындан улам биз Алмазбек Бейшеналиевичке карата жүргүзүлө турган иликтөөнүн объективдүүлүгүн камсыздап берүү өтүнүчү менен Сиздерге кайрылабыз. Анткени өлкөбүз мекенине ак кызмат өтөгөн потенциалдуу кадрын колдон чыгарып жибере албайт.

Урматтоо менен Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты!”-деп айтылат билдирүүдө.