Ирандагы хиджап маселеси. Митингде өлгөндөрдүн саны 76га жетти

Ирандагы адам укуктарын коргоо борбору (ICHRI – Iran Center Human Rights) машстабдуу нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны кеминде 76га жеткенин маалымдады.

Расмий Тегеран каршылыктарда 60тай адам мерт болгонун, алардын бир тобу коопсуздук кызматкерлери экенин кабарлоодо. Жүздөгөн адамдар жабыркады.

Социалдык тармактарда тараган видеолордон көрүнүп тургандай, соңку суткада демонстрациялар кеминде алты шаарда – Тебриз, Нажафабад, Исфахан, Тегеран, Мешхед, Санандаж жана Урмия шаарларында уланды.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды. Демонстранттар курал кампаларын басып алып, өкмөттүк күчтөр менен атышып жатканы кабарланууда.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатышат. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар да болуп жатат.