АКШ Россиянын чек арасына жакын жерде биологиялык курал жасоодо, – министр

АКШ бийлиги Россиянын чек арасына жакын жерде биологиялык куралдын компоненттерин жасап жатат. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин ТАСС басылмасы жазды.

«Россиянын чек араларына жакын жерде чындыгында биологиялык куралдын компоненттери түзүлдү, эпидемиологиялык абалды туруксуздаштыруу механизмдери иштелип чыкты деп айтууга толук негиз бар», – деди министр.