Алмазбек Бейшеналиевдин иш бөлмөсүндө тинтүү иштери жүргүзүлүүдө

Тергөө тобу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иш бөлмөсүндө тинтүү иштерин жүргүзүүдө. Бул маалыматты күч структураларынан тастыкташты.

Буга чейин Ички иштер министрлиги билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалганын расмий тастыктаган.

Башкармалык Алмазбек Бейшеналиевдин чет элдик студенттерди жергиликтүү ЖОЖдорго тапшырууда 110 миң доллар өлчөмүндө пара алуу фактысы иликтенип жатканын билдирген.

Буга чейин кармалгандагы видеосун ИИМ тараткан.