Акылбек Жапаров Баткенде иш сапары менен жүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Куралдуу кагылыштын айынан Кыргызстан тараптан 63 киши курман болуп, 200гө жакын киши ар кандай жаракаттарды алган.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.