Нарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Нарын ОИИБи: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү белгиленди

Бүгүн, 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Нарын облусунун жыйындар залында Нарын ОИИБдин начальниги Алмазбек Жумабеков жана өздүк курамдын катышуусу менен атайын иш-чара өткөрүлдү.


Алгач Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп, иш-чараны А.Жумабеков ачып берип, “ Мамлекеттик кыргыз тили бай, көрөңгөлүү, кунарлуу тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечен бөгөттөргө карабай, келечекти көздөй улуу сөз кербенинен өзүнө татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге айланды. Мамлекеттик тил болушу бул жараткандын кыргыз элине берген зор белеги болду.Ошон үчүн биз кыргыз болгонубузга сыймыктанып, тилибиз, динибиз, үрп-адатыбыз, каада салтыбыз, кийген кийимибиз, керек болсо жеген тамагыбыз да нукура кыргызча экенине мактануу менен айтубууз керек деп баса белгилеп өттү”- А.Жумабеков.

WhatsApp Image 2022 09 23 at 12.22.04 Нарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди


Иш-чарага Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектебинин Кыргыз-тили жана адабият мугалими “Эл агартуунун отличниги” Усубалиева Нургүл Жумабековна кыргыз тили жөнүндө кыскача түшүндүрмө берип, мектеп окуучулары даярдап келген көркөм ырлар окулду.Ушул эле мектептин 9-классынын окуучулары даярдаган Мамлекеттик тилге арналган көркөм ыр саптары жана чакан сценка тартуулашты.


Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан Ш.Дүйшеев “Эне тилин унуткандар”, А.Осмонов “Эне тили ” жана башка акындарыбыздын ырларын көркөм окуп беришти.

WhatsApp Image 2022 09 23 at 12.22.03 Нарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди


Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы