Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды

Айсулуу Тыныбекова 2022-жылы Сербияда өткөн дүйнөлүк чемпионатта көрсөткөн оюнунан кийин дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды.

Белграддагы турнирде кыргызстандык 62 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалга чыккан. Жыйынтыктоочу протоколдо Тыныбекова 5-орунга ээ болуп, бул үчүн 25 000 упай алды.

Азыр Тыныбекова 119400 упайга ээ болуп, жаңыланган дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат. Жылдын аягында ар бир салмак боюнча дүйнөлүк рейтингдин ТОП-3үнө акчалай сыйлыктар тапшырылат.

2021-жылдын аягында ар бир салмак боюнча алдыңкы үч спортчу орундуктарына жараша 10 000, 7 000 жана 3 000 доллар алышат.

62 кг чейинки салмак категориясы боюнча рейтинг:

1. Айсулуу Тыныбекова — 119400

2. Нонока Озаки (Япония) – 86000

3. Кайла Миракл (АКШ) — 88200

4. Илона Прокопевнюк (Украина) — 68900

5. Лаис Нуньес (Бразилия) – 66600

6. Анна Паула Гонсалес (Канада) – 56640

7. Тайбе Мустафа (Болгария) — 52300

8. Юкако Кавай (Япония) — 51000

9. Ирина Коляденко (Украина) — 42200

10. Гантуя Энхбат (Монголия) – 36200