«Баткенден качып келгендер көчөдө калды» деген маалымат жалган, – Дайыр Орунбеков

 Баткенден качып келгендер көчөдө калды деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

«Урматтуу достор, тактабай жазаардын алдын моралдык жоопкерчиликти эске алыңыздарчы. Биз ушул жерде турабыз, жумуш жүргүзүлүп жатат. Убактылуу жайгаштыруу жайлары даярдалып, алып кетүү үчүн автобустар токтотулду. Отургандардын көбү менен жеке сүйлөшүп чыктым.

Айрымдары “туугандарыбыз келсе алып кетели”, деп келгендер экен. Интернеттеги маалыматтарды бөлүшкөндөр, дивандан туруп, бул жакка келиңиздер!», — деп жазган Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

«Баткенден качып келгендер көчөдө калды» деген маалымат жалган, - Дайыр Орунбеков