Элчилик Россиядагы мобилизацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФдагы жарым-жартылай мобизилацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет:

«Россия Федерациясында жүргүзүлүүчү жарым-жартылай аскердик мобилизациялоо Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Россия Федерациясынын аймагында жүрүүнү уланта алышат.

Элчилик кыргызстандыктарды ар кандай чагымга алдырбоого, Россиянын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат».