
Бул тууралуу Нарын ОИИБи маалымдайт.
Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ата-энелер жана райондук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты зордук-зомбулукту, рекетчиликти болтурбоо жана кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.
Анда мектеп окуучулары менен пикир алмашуу жүргүзүлүп, көйгөйлүү маселелер айтылып, бир катар ой-пикирлер ортого салынды.
Ошондой эле ар бир билим берүүчү орто мектептердин соц.кызматкери менен тыгыз иш алып баруу жагы макулдашылып, иш-чарага окуучулар жана ата-энелер активдүү катышып беришти.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы
