
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-сентябрда саат 14:53тө “Манас” эл аралык аэропортунун диспетчеринен Москва – Бишкек багытындагы учактын ичинде жарылуучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тартылып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшкөн.
Маалымат тастыкталган эмес.
