
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында «Достук» базары толук күйүп кеткен.
Базардын кароолчусу маалымдагандай окуя 17-сентябрь күнү болгон.
- «Бул жерге гранатомёт түшкөн. Окуя таң заардан болду. Эч ким жок эле. Базарда жалпысынан 50 соодагер эмгектенип келген. Бүгүнкү күндө толук күйүп кетти. Насыя алып тиричилигин кылышчу. Кыйын болду», — деди аталган базардын кароолчусу.
